Түркиянын дагы бир авиакомпаниясы Бишкек-Стамбул каттамын ишке киргизди

Бүгүн, 25-марттан тарта Түркиянын аз бюджеттүү "AnadoluJet" авиакомпаниясы Стамбул - Бишкек - Стамбул багыты боюнча жаңы авиакаттамын ачты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган каттам күн сайын эртең менен аткарылат. Аталган авиакомпания Түркиянын эң ири авиакомпаниясы Turkish Airlines'тин туунду компаниясы болгон аз бюджеттүү лоукостери.
"Компания 2008-жылы жеткиликтүү авиакызматтарды сунуштоо максатында негизделген, ошол эле учурда коопсуздуктун жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыздап келет. Стамбул менен Бишкектин ортосунда жаңы каттамдын ишке кириши "AnadoluJet" компаниясынын эл аралык каттамдар тармагын кеңейтүүдөгү маанилүү кадамы болуп саналат", ", - деп билдирди мекеме.
Белгилей кетсек, буга чейин авиакомпания Анкара-Бишкек багыты боюнча авиакаттамын ийгиликтүү ишке киргизип, жүргүнчүлөр арасында суроо-талапка ээ боло алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан