Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Катар курама командаларынын беттеши 3:1 эсебинде Кыргыз курамасынын пайдасында аяктады.
Кыргыз курамасынан голдорду команда капитаны Валерий Кичин менен коргоочу Александр Мищенко жана Алимардон Шүкүров киргизишти. Ал эми Катар курамасынан 12-номурдагы Лукас Мендес гол жаратып, көп өтпөй эле кызыл айып кагазын алып, оюндан четтеди.
Жыйынтыгында эсеп саны 3:1 болуп, Кыргыз курамасы тайпадагы кезектеги үч упайды алды.
Белгилей кетсек, Катар курамасы учурдагы Азия чемпиону.