"Бардык президенттерден..." Трамп өзүнүн ишин өтө жогору баалады

АКШнын президенти Дональд Трамп Newsmax телеканалына берген маегинде бийликке келген эки ай ичинде Кошмо Штаттардын тарыхындагы бардык президенттерден көп нерсеге жетишкенине ишенерин билдирди.

"Ушунчалык кыска убакыттын ичинде эч ким мынчалык көп иштерди жасаган эмес. Эки айдын ичинде мен бардык президенттерден көп иштерди жасадым деп ойлойм", - деген ал.

Трамп АКШнын мурдагы президенти Жо Байденди жана анын администрациясын кечирүүгө аракет кылып жатканын белгилеген. Бирок америкалык лидер аларды жаман иштерди жасаган жана коррупциялашкан деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан