Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Германиянын канцлери Олаф Шольцко жана анын 14 министрине кызматтан кетүү катын тапшырды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, өлкө башчысы Шольцтун командасына ыраазычылык билдирип, анын башкаруусундагы өкмөт чечкиндүү кадамдарды жасагандыгын айткан.
"Германиянын өкмөтү катары көп учурда абдан тез жана чечкиндүү иш-аракет кылууга туура келди. Тактап айтканда, COVID-19 пандемиясы, Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактар боюнча бат кадамдар ташталды", - деп белгилеген Штайнмайер.
Кызматтан бошотуу каттарын тапшыруу аземи Берлиндеги Бельвю президенттик сарайында өттү.
Белгилей кетсек, 25-мартта февралдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгында түзүлгөн Бундестагдын жаңы курамы алгачкы жыйынына чогулуп, төрагасын шайлады. Өкмөт отставкага кеткени менен, канцлер Олаф Шольц башчылык кылган министрлер коалициялык сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин жана министрлер кабинетинин башчысынын постуна христиандык-демократиялык партиянын лидери Фридрих Мерц дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.