Сеулдун борбордук көчөлөрүнүн биринде чоң чуңкур пайда болуп, аймак чектөөгө алынды 

Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде жолдо чоң жаракка пайда болуп, жергиликтүү бийлик окуя болгон районду толук чектөөгө алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, чуңкур кечээ, 25-мартта күндүз пайда болгон. Кырсык учурунда мотоциклдин айдоочусу чуңкурга түшүп кетип, куткаруучулар анын сөөгүн 17 сааттан кийин табышкан.

Аталган чуңкурдун туурасы 18 метрге, узундугу 20 метрге жана тереңдиги 30 метрге чейин жетет. Ошондой эле эксперттер анын өлчөмдөрү чоңоюшу мүмкүн экенин түшүндүрүшкөн.

Ал эми Сеул шаарынын мэри алты тилкелүү жолдогу чуңкур кеңейип жатканын белгилеп, тургундарды коопсуздук чараларын сактоого чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан