Кыргыз спортчусу Билал Шарип уулу Арменияда өткөн мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Армениянын Ераван шаарында өткөн “Lyova Vardanyan 2025" эл аралык мелдешинде 1 алтын, 3 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 23-мартта башталган мелдеш бүгүн, 26-мартта аяктайт.
Мелдеште 65 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Билал Шарип уулу алтын медаль алса, Мухаммадрасул Салиев (67 килограмм), Юхан Догдурбек уулу (61 килограмм) жана Аден Сакыбаев (70 килограмм) коло байгеге ээ болушту.
Курама команда улук машыктыруучу Ильгиз Жакыпбеков (U-23) жана машыктыруучу Улан Надырбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан