Эми жол эрежесин бузган айдоочулардан жеринде сынак алынат. Кайра тапшыруунун баасы

Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелери сурала баштайт. Сынактан өтпөй калгандардын айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мекемесине убактылуу жөнөтүлөт. Аны кайтарып алуу үчүн жаран кайрадан сынак тапшыруусу зарыл.

"Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи жолу кайра тапшырууга жөнөтүлгөндө сынак үчүн 500 сом, ошол эле айдоочу экинчи жолу сынак тапшырууда өтпөй калып, экинчи жолу кайра келсе 1000 сом, үчүнчү жолу тапшырууга келсе 2000 сом төлөйт. Үчүнчү жолу дагы кулап, төртүнчү ирет сынак тапшырса 4000 сом төлөйт" деп жазды Алагөзов.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, мындай иш-чара жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

"Тилекке каршы, учурда бизде жол кырсыгы көп катталып жатат. Жол кырсыгына себеп болгон айдоочулардын көпчүлүгү эреже билбей, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар болуп чыгууда. Жол эрежесиндеги беш эле белгини көрсөтсөң, бешөөнү тең билбегендер четтен чыгат.
Статистикалык сандарды мисал келтирбей эле коёюн. Жол кырсыгынан каза тапкан мекендештерибиздин саны жүздөп саналат. Көбүнчө дал ушул эреже билбегендердин айынан айрымдары жетим, айрымдары алмончоктой уул-кыздарынан айрылып, ичтеринен кан өтүп, жер муштап отуруп калып жатышат. Дагы канчасы майып болуп калууда. Ошондуктан президентибиз 1-сентябрга чейин ички иштер министри менен “Унаа” мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.
Сурамжылоо: Эми жол эрежесин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алынат. Сиздин пикириңиз кандай? Жооп үчүн шилтемени басыңыз.

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы “Унаа” мекемеси) айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусов "Биринчи радионун" эфиринде 1-сентябрдан тарта айдоочу жол эрежесин бузган учурда ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан сынак алынарын айтты.

"Эгер ал айдоочу сынакты тапшыра албаса, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине сынак тапшырууга жөнөтүлөт", - деди ал.

ЖКККББнын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айткул уулу жаңы эреже боюнча процедуралар ИИМ жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыгарын кошумчалады.

Жунусов учурда эреже бузган айдоочулар тапшыра турган сынактын тартиби боюнча да түшүндүрмө берип өттү.

"Агенттикте бүгүнкү күндө алгачкы жолу айдоочулук күбөлүк алар алдында, башка категорияларга даярданууда, соттун чечими менен транспорт каражаттарын айдоо укугунан убактылуу ажыратылган жарандар квалификациялык сынак тапшырышат. Анан 2023-жылы эрежеге өзгөртүү кирди. Айдоочу жол эрежесин үч ирет одоно бузса, квалификациялык сынак тапшырат", - дейт Жунусов.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери өлкөдө 1300дөн ашык жол кырсыктары катталган. Анын кесепетинен 2 миңге жакын жаран жаракат алып, 110 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Жумабек
2025-03-26 13:15:00
Бул деген ГАИге коррупциялык жол ачып берип атат точна 100 %
+1
Нурбек
2025-03-26 13:32:00
Эми Кыргызстандын ГАИ лери жыргап чөнтөктөрүнө иштешет экен да.Айдоочуларга чоң сүйлөп,жакпаса өчпөдүң деп кыйнашат экен да,айдоочуларды
+1
Жумабек
2025-03-26 17:18:00
Нурбек эң туура айттыңыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан