Кечээ, 25-мартта Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Катар курама командаларынын беттешинин алкагында улуттук кураманын оюнчусу Алимардон Шукуров атасын туулган күнү менен өзгөчө куттуктады.
Оюндун 93-мүнөтүндө атаандаштардын дарбазасына гол киргизген Шукуров футболкасын көтөрүп ичиндеги "Атакем, туулган күнүңүз менен" деген жазууну көрсөткөн жана да киргизилген гол атасынын урматына экендигин билдирген.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз курамасы Катардын оюнчуларын кабыл алды. Беттеш 3:1 эсебинде "Ак шумкарлардын" жеңиши менен жыйынтыкталган.