Үшүгөн балдарга кийимин чечип берген кыргыз футболчулары (видео)

Кыргызстандын футболчулары гимн аткаруу учурунда өздөрүн коштоп чыккан кичинекей балдардын үшүп жатканын байкап, дароо сырткы кийимдерин чечип кийгизишти.

Мындай видео социалдык тармактарда таркап, колдонуучулардын жылуу пикирлерине ээ болгон.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз курамасы Катардын оюнчуларын кабыл алды. Беттеш 3:1 эсебинде "Ак шумкарлардын" жеңиши менен жыйынтыкталган.

Ал эми беттештин мыкты оюнчусу улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин болду.

Үшүгөн балдарга кийимин чечип берген кыргыз футболчулары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан