Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 27-мартта Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаайт. Ал эми Чүй, Ысык-Көл облусунун региондорунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +7 ... +12;
Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +3 ... +8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +6 ... +11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1 ... +4, күндүз +10 ... +15;
Нарын дубанында түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +6 ... +11;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +9 ... +11 градус болот.