Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров "Азаттыкка" курган маегинде кыргыз-тажик чер арасындагы талаштуу болуп келген Төрт-Көчө боюнча өзүнө тагылган айыптарга жооп берди.
Ал бийлик Төрт-Көчө боюнча анын күнөөсүн далилдей албай койгонун белгилеп, убагында кабыл алган чечими тарыхый болгонун айтты.
"Сегиз ай ийненин учу менен чукулап отуруп таба да албай коюшту, далилдей да албай коюшту. 62 күбө чакырды, өздөрү чакырды, мен эмес. Алар сотто бир добуштан "Мадумаровдун чечими өлкөнүн пайдасына чечилген" деген жоопторун беришти. Ошол кездеги Баткендин акими, Лейлектин акими, Баткен облусунун жетекчилери бир ооздон ушундай көрсөтмө беришти. Алар менин досторум же партиялаштарым эмес...
Мындайча айтканда, чакырылган 5 генерал тең Мадумаровго "баракелде" деген баасын беришти. Эмне үчүн сот жабык өттү. Ушундай акыйкат "элге жетип калбасын" деген коркунуч менен өттү... Эгерде соттук отурумду түз алып көрсөтүп берсе керемет болмок да, укмуш болмок", - деди ал.
Буга чейин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берип жатып, Төрт-Көчө боюнча протоколго кол койгон ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин башчысы Мадумаровду чыккынчылык менен азыр да камаса болорун айткан.
Белгилей кетсек, Мадымаров 2023-жылдын 2-сентябрында камакка алынган. Анын иши 2024-жылдын 26-мартында Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал "Мамлекетке чыккынчылык" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулган. Мадумаров жогорку инстанцияга кайрылган эмес, ал соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин УКМКнын тергөө абагында кармалып, 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.
Борбордук шайлоо комиссиясы былтыр 26-апрелдеги отурумунда Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча маселени карап, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Учурда эки өлкө ортосундагы чек ара чечилди. Жетишилген келишимди парламент 19-марттагы жыйынында ратификацияласа, ага президент Садыр Жапаров 25-мартта кол койду. Макулдашууга ылайык, Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болду.