Ысык-Көлдө жайгашкан Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде 250 аял туруктуу жашайт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Ысык-Көлдөгү өкүлү аталган стационардагы бейтаптардын абалына мониторинг жүргүзгөн.
Анда ал жайда жалпы 250 аял киши туруктуу жашай турганы, алардын ичинен 36 аялдын паспорту жок экени жана экөөсүнүн өздүгүн тактаган документтери жоктугу аныкталган.
Мекеме 11 адамга паспорт алуу үчүн алардын документтери тийиштүү жерге өткөрүлгөнүн, учурда каралып жатканын билдирген. Ал эми калган 25 адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан тапшыра албай жатышканы кошумчаланган.
Мындан тышкары 16 бейтаптын менчигинде жер тилкелери жана бир турак жайы бар экени аныкталган.
"Айрымдарынын мекемеге келгенине көп жыл болсо да кайдан, качан келгени, жашы канчада экени, аты-жөнү такталган эмес. Мисалы, 2013-жылдын 24-июнунда Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансерден белгисиз аял киши которулган. Аны мекеменин кызматкерлери “белгисиз тажик аял” деп атап коюшкан. Ал кайдан келгенин, өзүнүн аты-жөнүн, качан туулганын эстей албайт.
Дагы бир 69 жаштагы аял 20 жылдан бери аталган мекемеде жашап келет. Анын өзүнүн айтымында, Өзбекстанда туулуп, кийин ата-энеси менен Москвада жашап жүрүп, көп өтпөй Фрунзеге келишкен. Ал 14 жашында зордукталып, психологиялык травмадан улам талма оорусуна чалдыгып калган", - деп билдирди Акыйкатчы институту.
Мындан улам Акыйкатчы институту бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды жөнөткөнү айтылды.