АКШнын президенти Дональд Трамп жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүнөн коркуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Newsmax телеканалына берген маегинде айткан.
"Бул (жасалма интеллект) бир аз коркунучтуу. Бул деген революция. Азыр акчасы барлардын баары муну менен алектенүүнү каалашат", - деген ал.
Трамп коркконуна карабай жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү укмуштуудай экенин белгилеген. Мындан тышкары ал миллиардер Илон Маскка токтолуп, аны өлкө жыргалчылыгы үчүн иштеп жаткан исан катары сыпаттаган.