Кыргызстан менен Тажикстандын суу чарба объектилери боюнча макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан кабарлады.

"Бул Макулдашуу эки мамлекеттердин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объекттерге аларды пайдалануу максатында тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууну карайт. Ошол эле учурда үч дарбазасы бар башкы плотинаны жана Ак-Татыр/Мачои каналынын башкы суу алуучу курулмасын биргелешип иштетүү сунушталууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, аталган макулдашууга 13-мартта Бишкекте жолугушкан өлкө башчылар Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тарабынан кол коюлган. Кийин документ Жогорку Кеңеш 19-марттагы жыйынында колдоо тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан