Депутат Айдаралиев медаль менен сыйланды

Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев Ички иштер министрлигинин атайын медалы менен сыйланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдагандай, эл өкүлү сыйлыкты өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алып, азайтууга көрсөткөн көмөгү үчүн деген негизде алган. ИИМдин медалы ага Ош шаарындагы форумда тапшырылган.

"Эрнис Айдаралиев Алай районунда да иш сапары менен болуп, аймактагы мектептердин окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, өспүрүмдөр менен кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө, ар кандай деструктивдүү агымдардан алыс болуу, синтетикалык, психотроптук заттарга болгон көз карандылык тууралуу сүйлөштү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан