Ошто Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата 5 мамлекеттин жаш акындар сынагы өтөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Түрксой уюмунун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул туурасында мэриядан кечээ, 26-мартта кабарланды.
Маалымдалгандай, жолугушууда залкар акын Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине карата биринчи түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын поэзия фестивалын өткөрүү тууралуу сүйлөшүлдү. Иш-чара Түрксой эл аралык уюму тарабынан мэриянын колдоосу менен 28-30-майда өткөрүү пландалган.
Шаар башчысы Ош шаарында өтүүчү фестивалды уюштурууда ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
"Фестивалга Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Кыргызстандын жаш акындары катышат. Иш-чара Ош шаарынын маданий брендин жайылтуу жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген коноктор үчүн маданияттар аралык дараметин жогорулатуу максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан