Быйыл өлкө аймаганда буудай өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 миң гектарга көп себилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, себүү иштери өлкөнүн түштүк аймагында жана Чүй облусунда башталган.
"Республиканын жер айдоо иштерин алгачкылардан болуп Баткен облусунун райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука, Сузак райондору жана Чүй облусу баштады", - деп жазылат маалыматта.