Бүгүн, 27-март – Эл аралык театр күнү. 1961-жылы Венада өткөн ЮНЕСКОнун Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде 27-мартты театр күнү катары белгилөө бекитилген. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү искусство мекемелери, анын ичинде Кыргызстандагы театрлар бул күндү кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.
Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, учурда кесиптик искусство багытында жалпы 23 театр оюн-зоок мекемеси бар. Булардын баары аталган министрликтин көзөмөлүндө.
Алар:
Бүткүл дүйнөлүк театр күнү – бардык театр ишмерлеринин жана бул искусствону сүйүүчүлөрдүн майрамы. Театр искусствосу – тарыхтагы эң байыркы искусстволордун бири, ал коомдун маданий өнүгүүсүнө зор салым кошуп келет. Мындан улам аталган датага утурлай Маданият министрлиги өлкөдөгү театр, оюн-зоок мекемелеринде өтүүчү бир нече иш-чаралардын тизмесин сунуштады.
* Абдылас Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 11:00дө театрдын ичине театр көрөрмандарына экскурсия тартууланат.
* Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында саат 17:00дө ачык асман алдында "Театральный разгуляй" аттуу иш-чара өтөт.
* Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында саат 12:00дө маданий иш-чара уюштурулат.
* Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында саат 15:00дө "Ата, кемпир алып берейинби?" аттуу комедиясы жана чакан концерттик программа элге тартууланат.
* Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрында саат 16:30да театралдаштырылган концерттик программа болот.
* Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында саат 10:30-12:00дө ачык асман алдында концерттик программа уюштурулат.
* Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 15:00дө "Гарри Поттер" фентези спектакли коюлат.
* Бабур атындагы Ош Мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында саат 11:00, 14:30да көргөзмө, концерттик программа жана "Чигирик" спектакли өз көрөрмандарын күтөт.
* Надирбек Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын өнөр адамдары саат 11:00-12:00дө Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында, ал эми саат 13:00-14:00дө Алишер Навои эс алуу багында куурчак-шоу тартуулашат.
* Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында саат 14:00дө "Траги – комедия" аталышындагы театрлаштырылган музыкалык комедия коюлат.
* Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрында саат 14:00дө "Күйөө сатам" комедиялык спектакли тартууланат.
* Калык Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрында саат 18:00дө "Абийир кечирбейт" спектакли жана концерттик программа уюштурулат.