Бишкектин борборунда тынчтык митингдерин өткөрүүгө салынган тыюу 30-июнга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-мартта райондук сот Биринчи май акимчилигинин "Тынч чогулуштарды өткөрүүчү жерлерди чектөө жөнүндө" чечимин карап, мыйзамдуу деп тапкан. Аталган чечим боюнча 1-апрелден тарта "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик жана муниципалдык иш-чаралардан тышкаркы чогулуштарды өткөрүүгө чектөө киргизилет. Андай митингдерди өткөрүү үчүн Горький аянты көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, борбордо тынчтык митингдерин өткөрүүгө болгон тыюу 2022-жылы март айынан бери салынып келет.