Жаратылыш министрлиги "көлдө аккуулар өлүүдө" деген видеого жооп берди (видео)

Ысык-Көлдө аккуулардын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге экологдор, ветеринардык кызмат өкүлдөрү барып, өлгөн канаттуулардын ткандарынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгү алышкан.
"Кээ бир өлгөн аккууларды сойгондо алардын денесинен балык уулоочу илмектер жана торлордун сыныктары табылды. Бул алардын браконьерлердин курмандыгы болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бирок адистер аккуулардын өлүмүнүн башка мүмкүн болгон себептерин да изилдеп жатышат", - деп билдирген министрлик.
Ал эми орнитолог Сейитказы Сагынбаев Ысык-Көлдөгү аккуулар ачкадан өлүп жатканын, аларга атайын тамак-аш берүү туура эмес экенин билдирген.
"Аккуулар кыштоо үчүн Ысык-Көлгө октябрь айынын аягында ноябрь айынын башында учуп келишет. Көл тоңбогондуктан алар март-апрель айларына чейин калышат. Бул канаттуулардын көбү Сибирь менен Казакстандан келет. Аккуулар жапайы куштар болгондуктан, суу өсүмдүктөрүнүн тамырлары жана балырлары менен азыктанат. Алар азыктарын негизинен тайыз жерлерден табышат, ал эми терең жерлерден тамак табуу кыйын. Эгерде адамдар аларга өтө жакын келсе, коркуп тереңирээк сууга кетип, азык табуусу кыйын болот. Мындан тышкары узун жол жүрүп келгендиктен алсырап, ачкадан өлүп калуусу да мүмкүн. Биз аларга атайын тамак берип, шарт түзүп бере албайбыз. Аларга азык таштап берүү да туура эмес. Эң жакшысы – аларды коркутпоо керек, анткени адамдардан чочуп, тамак таба албай калышы мүмкүн", - деген ал.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул жылы кышкысын Ысык-Көлдө 64 түрдөгү ак куу жашап, алардын жалпы саны 68 миң 77ге жеткен. Жалпысынан көлдө суу канаттууларынын 31 түрү жана 60 миңге жакын суу жаныбарлары бар экени айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы көлдүн жээгинде аккуулар өлүүдө деген видео тараган.
Орнитолог Сейитказы Сагынбаев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан