Бишкек шаарындагы Айтматов проспектиси реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган жол кеңейтилип, андагы тротуарлар веложолдордон өзүнчө бөлүнөт.
"Президенттин тапшырмасы менен проспект кеңейтилип жатат. Жарыктандыруу жаңыртылып, ирригациялык каналдар жердин асты менен кетет, тротуарлар веложолдордон өзүнчө бөлүнөт. Буюрса, ишти майдын соңунда аяктайбыз", - деген президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев.
Учурда жолдун туурасын 20 метрден ашыруу үчүн эки тарабынан кеңейтүү иштери жүрүп жатканы маалым болду.