Түштүк регионунун жаштар арасында өткөн “Бурганак” волейбол лигасы аяктады

Кечээ, 9-январда Ош шаарында КРнын Жаштар жана өспүрүмдөр лигасынын 2-этабынын (“Бурганак” лигасы) түштүк региону боюнча биринчилиги аяктады. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркектерден 9 команда катышкан лигада “Кара-Кулжа” (Ош облусу) командасы жеңүүчү аталды. Ал эми 2-орун Жалал-Абад облусунун спортчуларына тийсе, 3-орунду ноокаттык волейболчулар илип кетишти.  

Ал эми кыздар арасындагы жарыштарга 8 команда түштү. Алтын медалга Ош шаарынын командасы ээ болду. Ал эми күмүш Жалал-Абаддын “Динамо” командасына тийсе, коло ээси Баткен облусунун командасы болду.

Эске салсак, Жаштар жана өспүрүмдөрдүн волейбол лигасы түштүк жана түндүк региондору боюнча эки бөлөк өтүп, 3 этаптан турат. 1-этап “Алтын күз” деп аталып, күз айларында өткөрүлсө, 2-этап “Бурганак” январь айында өтөт. Ал эми жыйынтыктоочу этап “Нооруз” деп аталып, жаз айларында. Ушул 3 этапта түндүк жана түштүк региондорунда упайлардын негизинде жеңүүчү аталган командалар финалдык беттеш өткөрүп, өлкө чемпионун аныкташат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан