АКШнын Флорида штатындагы ок атуудан 4 адам каза болуп, 2 адам жарадар болгонун CBS телеканалы билдирди.
Маалыматка карганда, окуя Пемброк-Парк шаарындагы көп кабаттуу батирлердин биринде болгон. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери аялдын жана үч баланын сөөгүн табышкан. Мындан тышкары бир эркек жана 10 жаштагы кыз ооруканага жаткырылган.
Ошол эле көп кабаттуу батирде тургандардын бири ок атылган батирдин кошунасы ага эркек киши үй-бүлө мүчөлөрүнө ок чыгарып, андан соң өзүнө кол салганын айтып бергенин билдирген. Телеканал азырынча жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат бериле электигин белгиледи. Окуя боюнча иликтөө иштери башталып, анын чоо-жайы такталууда.