"40 миң айлык жетпейт". Рамиз Алиев таштандыдан желим бөтөлкө чогулткандарга жумуш сунуштады (видео)

Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев таштандылардын ичинен желим бөтөлкөлөрдү чогултуп жүргөн жарандарга жумуш сунуштады. Социалдык баракчаларга тарап жаткан видеодо вице-мэр жарандар менен пикир алышып, алардын айлык акылары 40 миң сом боло тургандыгын билдирип жаткандыгын байкоого болот.

"Азыр сизге жумуш берели, "Тазалыктан". Барасыздарбы? Расмий түрдө иштейсиздер, таштандыны чукугандын кереги жок. Форма, кол кап берилет. 40 миң сомдун тегерегинде айлык чыгат. Айлыктан соцфондго которулат", - деп билдирген.

Бирок жарандар бөтөлкө чогулткан ага караганда кирешелүү экендигин айтып, айлык маянаны 60 миңге көтөрсө барышарын билдирген.

Тасма кайсы учурда тартылганы айтылган эмес.

Вице-мэр Рамиз Алиев 40 миң сом маянасы бар жумуш сунуштайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан