Чүйдө инспекторлор окуучуларга жол эрежелерин түшүндүрүп беришти (фото)

Чүй облусунун аймагындагы мектеп окуучуларына “Ачык-эшик” күндөрү өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан маалымдашты.

Анда айтылгандай, аталган иш-чара өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында өткөрүлүп жатат.

Анын жүрүшүндө өспүрүмдөргө жол эрежелери боюнча айтылып, кызматкерлердин күнүмдүк иштери көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучуларга жарык берүүчү элементер таратылды.

Чүй ЖКККБ ата-энелер да балдарына үйдөн жол эрежелери боюнча айтып турушу зарылдыгын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан