Орозо айтка карата кыргызстандыктар эс алабы? Эмгек министрлигинин түшүндүрмөсү

Муфтият билдиргендей, Кыргызстанда Орозо айт 30-мартта белгиленет.
Айта кетсек, Орозо айы 29-30 күнгө созулуп, быйыл орозо 29-мартта (кошкондо) аяктайт.
Ага ылайык, Орозо айт 30-март жекшембиге туура келет.
"2025-жылдын январь айынын аягында кабыл алынган жаңы Эмгек кодексине ылайык, дем алыш күндөрүнө туура келген майрамдарды иш күндөрүнө которуу болбойт", - дешти Эмгек министрлигинен.
Мындан улам келерки дүйшөмбү, 31-март иш күнү болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан