Жети-Өгүздө менчикке чыгып кеткен бала бакча менен күрөш залы мамлекетке алынды (фото)

Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында 1997-жылы Светлая-Поляна айылында жайгашкан аянты 257 чарчы метр (0,65 гектар жер тилкеси менен бирге) бала бакча жана 2011-жылы Дархан айылындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 150 чарчы метр күрөш залы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгын аныктаган.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында менчик ээлери өздөрүнүн социалдык объекттерге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде балдар бакчасынын имаратын жер тилкеси менен бирге Оргочор айылынын балансына жана балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин күрөш залын Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылынын балансына өткөрүп беришкен, тагыраагы, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объекттерди мамлекеттин менчигине кайтарышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан