Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) мушкер Дмитрий Биволго америкалык Дэвид Бенавидести кийинки атаандаш катары карап жатат. Бул тууралуу Биволдун командасы ТАСС агенттигине билдирген.
Буга чейин WBC президенти Маурисио Сулайман Бивол Бенавидеске каршы чемпиондук титулун коргоого милдеттүү экенин бир нече жолу белгилеген.
"WBC Бивол менен Бенавидестин беттешин өткөрүүгө аракет кылууда. Бирок бул жаатта азырынча эч кандай так жаңылык жок", - деген Биволдун өкүлү.
Америкалык мушкер Дэвид Бенавидес 28 жашта. Ал карьерасында 30 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен (24ү нокаут менен). Ал эми 34 жаштагы Дмитрий Биволдо 24 жеңиш (12си нокаут менен) жана 1 жеңилүү бар.