Кайрымдуулукка аргымагын берип, аны менен коштошкон ата эсиңиздеби? Ага атын кайра беришти (видео)

СМА оорусуна чалдыккан бөбөктөргө кайдыгер карабай, үч жылдан бери таптап келген аргымагын берген атанын видеосу буга чейин интернетке тараган. Анда анын аргымагы менен коштошкон видеосу жарыяланып, көпчүлүк атага аргымагын кайра сатып алып берүү керектигин айтышкан.

Социалдык тармактарда ал жаранга кайра аргымагы берилген видео тарады.

"Мындайды күткөн эмесмин. Балдарым менен кеңешип, Байхан менен Аслан аттуу балдарыбызга бергенбиз", - деди ал.

Аргымагын берген ата Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну болгон. Ал саяпкерлик менен алектенет.

Кайрымдуулукка аргымагын берип, аны менен коштошкон ата эсиңиздеби. Ага атын кайра беришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан