ӨКМде жер титирөөгө байланыштуу айгай жарыяланып, ыкчам топ жыйын өткөрдү (видео)

Бүгүн, 28-мартта жер титирөөгө байланыштуу айгай жарыяланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өттү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыйында соңку абал боюнча маалымат угулуп, министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов күжүрмөн даярдык абалда туруу тапшырмасын койду. ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору коңшу Казакстан мамлекетинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору менен түз байланышта маалымат алмашууда.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталып, ал Кыргызстандын аймагында да сезилген.
28.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан