Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техникаларды сатып алат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, учурда Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов баштаган жумушчу топ Кытайда иш сапарында жүрүшөт.
"Мында негизги максат – мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ош шаарына атайын техника алууга бөлүнгөн 500 миллион сом каражатка муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына жана мекемелерге атайын техникаларды сатып алуу. Учурда делегация Сиань, Чанша шаарларындагы заводдорду кыдырып, бир катар керектүү техникаларды көрүп, жеринде түз келишимдерди түзүүдө. Жалпысынан 128 атайын техникаларды сатып алуу каралган", - деп айтылат маалыматта.