Өлкөдөгү жайыттардын абалын жакшыртуу максатында жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн сатып алууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тендер төрт түрдөгү көп жылдык жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн камтыйт.
Алар:
• Кылкансыз түбү бош (Кострец безостый, Bromus inermis) – жайыттар үчүн сапаттуу жана туруктуу чөп;
• Көп жылдык кара чөп (Райграс пастбищный, Lolium perenne) – мал жайганга ыңгайлуу жана тез өсүүчү өсүмдүк;
• Буудайык (Житняк, Agropyron) – кургакчылыкка чыдамдуу жана жайыттарды бекемдөөгө ылайыктуу;
• Көп жылдык эспарцет (Onobrychis) – жерди байытуучу жана малга пайдалуу тоют өсүмдүгү.
Аталган тендерге кызыккан компаниялар Мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталы аркылуу тендердик лотко катышса болот. Талаптарга жооп берген бардык уюмдар катыша ала турганы белгиленди.