Тим эле жаркырайт... Жалал-Абаддагы арка оңдоп-түзөөдөн өттү (видео, сүрөт)

Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги "Курманбек – кылымдар мурасы" триумфалдык аркасы жана анын айланасы жарыктандырылды. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, арканын жарыктандыруусун жандыруу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышкан. Аны оңдоп-түзөөгө, айланасын жарыктандырууга жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 184 миң сом жумшалганы белгиленди.

Айта кетсек, "Курманбек – кылымдар мурасы" триумфалдык аркасы 2024-жылдагы админстративдик-аймактык реформанын алкагында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынан шаарга өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан