Кытайдан троллейбустардын ордуна каттай турчу электробустар келе жатат (видео)

Кытайдан Бишкекке троллейбустардын ордуна линияга чыга турган электробустар ташылып келүүдө. Аталган автобустардын жолдо келе жаткан видеосу интернетте тараган.

Электробустардын биринен Азия өнүктүрүү банкынын логотибин көрүүгө болот. Аталган банк 120 электробус сатып алууга жана троллейбус базаларына заряддоочу түзүлүштөрдү орнотууга 50 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Буга чейин борбор калаанын мэриясы Азия өнүктүрүү банкынын акчасына 120 электробус сатып алынарын билдирген эле.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Бишкек мэриясы троллейбустардын каттамын токтотуп, ордуна жаңы алынган автобустарды каттамга киргизген.

Кытайдан троллейбустардын ордуна каттай турчу электробустар ташылып келүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан