29-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаайт. Ал эми тоолуу региондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +8 ... +13;
Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +1 ... +6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +11 ... +16;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 ... +2, күндүз +4 ... +9;
Нарын дубанында түнкүсүн -3 ... +2, күндүз +4 ... +9;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +11 ... +13 градус болот.