Камакка алынган Стамбул шаарынын мурдагы мэринин жактоочусу кармалды 

Түркиянын Стамбул шаарынын камакка алынган мурдагы мэри Экрем Имамоглунун жактоочусу Мехмет Пехливан да кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Жактоочунун кармалганы тууралуу Стамбулдагы республикалык "Элдик" партиясынын депутаты Туран Ташкин Озер дагы өзүнүн Х социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Дагы бир ойдон чыгарылган айып жана мыйзамсыз камоо! Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун жактоочусу Мехмет Пехливан кармалды. Эмне кылсаңар да чындыкты жашыра албайсыңар. Эл күчтүү", - деп жазган ал.

Ал эми камакта жаткан Экрем Имамоглу өзүнүн жактоочусунун бошотулушун талап кылган.

Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын башчысы Экрем Имамоглу 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, камакка алынган. Анын кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан