Курулуш министрлиги жер титирөөгө байланыштуу элге кайрылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Талас жана Бишкек шаарында бүгүн түндө катталган жер титирөөгө байланыштуу элге кайрылды.
Ага ылайык, бүгүн, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер силкинүүсү Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.
"Ошол себептен улам министрлик объектилериндеги табыгый кырсыктан улам пайда болгон деффектилерди аныктоо иштерин күчөтүү режиминде алып барат.
Кандайдыр бир объекттерде деффектилерди байкаган жарандарыбыз 0312 312 831 номуруна байланышсаңыздар болот", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан