Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага шайлоо өткөрүү үчүн БУУнун көзөмөлүндө убактылуу башкарууну киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Негизинен БУУ жана АКШ менен биргеликте, керек болсо бизге көзү түз европалык мамлекеттер менен Украинага убактылуу тышкы башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап көрүүгө болот. Бул демократиялык шайлоо өткөрүп, бийликке элдин ишенимине ээ болгон өкмөттү алып келип, ошондон кийин гана тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, дүйнө тааный турган мыйзамдуу документке кол коюу үчүн керек... Башка вариант жок дегенден алысмын. Бул бири гана", - деген ал.
Путин бул абалдан чыгуунун бир жолу экенин белгилеп, БУУнун астында тышкы башкарууга кирген Тышкы Тимор, Жаңы Гвинея, мурунку Югославиянын бөлүктөрүн мисал келтирген.