"Кемин" жана "Сосновка" пункттарындагы ички посттор жоюлду

26-марттан тарта Салык органдарынын Чүйдөгү "Кемин", "Сосновка" жана Кара-Көлдөгү габариттик-контролдоо пункттарындагы ички посттору жоюлду. Бул тууралуу Салык кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Ага ылайык, мындай чечим электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылгандыгына байланыштуу кабыл алынган.
"Мындан ары аталган посттордо Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан товарлардын коштоочу документтери текшерилбейт, бул көзөмөл посттору жоюлду", - дешти мекемеден.
Бул чечим республиканын ичинде жүк ташыган автомобилдик ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана алардын убактысын үнөмдөөгө багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан