Бишкек мэриясы Кытайдан келе жаткан электробустар боюнча маалымат берди

Бишкекке айдоочуларды даярдоо жана демонстрациялоо үчүн Кытайдан эки электробус келе жатат. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, "Anhui Ankai Automobile Co. Ltd." компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында келе электробустар келе жатат. Учурда Торугарт өтмөгүндө турат жана бажы иш кагаздары даяр болгондон кийин Бишкекке алынып келип, терминалга түшүрүлөт.
"Бул электробустар айдоочуларды окутуу жана даярдоо, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүү үчүн арналган. Электробустардын негизги партиясы БШТ МИнин №4 жана №5 базаларын модернизациялоо аяктагандан кийин алынып келинет. Учурда курулуш иштери уланууда жана анын аякташы 2025-жылдын май айынын аягында күтүлүүдө.
Электробустарды киргизүү долбоору Бишкектеги экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана жүргүнчү ташуулардын сапатын жогорулатууга багытталган. Азия өнүктүрүү банкынын “Шаар транспортун электрлештирүү” долбоорунун алкагында борбор калаага жалпысынан 120 электробуска келишим түзүлгөн, ал эми алар июнь айларынын аягында келүүсү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин электробустар борбор калаага келе жаткандыгы боюнча видео социалдык баракчаларга тараган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан