Түркияда Стамбулдун мэри камакка алынгандан кийин масштабдуу нааразылык акциялары уланууда. Бир күн мурун массалык маалымат каражаттары нааразылык акцияларынын адаттан тыш катышуучусу – Покемон Пикачуга көңүл бурушту.
Маалыматка ылайык, видео Антальяда тартылган. Жарыяланган видеодо Пикачу, тагыраагы, эң популярдуу Покемондун кийимин кийген адам демонстранттар менен бирге полициядан качып баратканын көрүүгө болот. Бул видео социалдык тармактарда популярдуу болууда.
Ал тургай камакка алынган Стамбул мэри Экрем Имамоглу мүчө болгон оппозициялык Республикалык элдик партиянын басма сөз кызматы да бул видеого реакция кылды. Бул видеону партиянын X социалдык тармактагы аккаунту өз баракчасына жарыялады.
"Пикачуга да таасирин бербеген газ баллондору сизге жана бизге дагы таасирин бербейт", - деп жазылат анда.