Коңшу Казакстан 28-майдан тарта Алматыдан Ошко жаңы авиакаттам ачат. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына төрт жолу — шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамды Казакстандын Air Astana авиакомпаниясы аткарат.
"Аба каттамдарынын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, ишкердик жана туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө", - деп жазылат Казакстандын Жарандык авиация комитетинин билдирүүсүндө.