Мьянма бийлиги жер титирөөдөн улам жаракат алгандардын көптүгүнө байланыштуу донордук канды шашылыш түрдө чогултууну жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда бийлик кырсыктан улам жаракат алып жаткырылгандар көп болгондуктан ооруканаларда канга муктаждык жаралганын белгилеп, андыктан донорлорду шашылыш ооруканаларга келип кан берүүгө чакырган.
Айта кетсек, 28-март күнү түштөн кийин Мьянмада күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды. Азырынча кырсыктан каза тапкандар, кыйроолор тууралуу маалыматтар так айтыла элек.