Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу маанилүүбү? Катчы жооп берди

Табигый кырсыктар, анын ичинде жер титирөө жана суу ташкындар сыяктуу кырдаалдардын көбөйүшү менен, турак жайды камсыздандыруу маанилүү жана зарыл болгон коргоо болуп санала тургандыгына ынанабыз.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) Кыргызстандын тургундарына өздөрүнүн үйлөрүн табигый кырсыктардан жана башка күтүлбөгөн кырдаалдардан коргоо үчүн турак жайларын камсыздоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

SUPER.KG порталы аталган уюмдун маалымат катчысы Анжелика Акылбековадан бул багытта жооп алдык.

Эмне үчүн Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу маанилүү?

  1. Табигый кырсыктардан коргоо: Турак жайды камсыздандыруу тургундарга табигый кырсыктардан, жер титирөөлөрдөн жана башка кырдаалдардан келген зыяндарын камсыздандырат.
  2. Каржылык туруктуулук: Турак жайды камсыздандыруу жарандарга үйлөрүн калыбына келтирүүгө, каржылык чыгымдарды азайтып, коопсуздукту камсыз кылууга жардам берет.
  3. Экономикалык пайда: Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун камсыздайт, бизнес жана жарандар үчүн коргоону түзүп, жалпы өлкө боюнча каржылык туруктуулукту бекемдейт.

Турак жайды камсыздандыруу канча турат?

Айыл жери үчүн турак жайды камсыздандыруунун наркы жылына 600 сомду, ал эми шаар үчүн жылына 1 200 сомду түзөт. Эгерде сиздин үй толук талкаланса же күйүп кетсе, анда сиз Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан айылда 500 миң сом, шаарда 1 миллион сом аласыз.

Маанилүү: Камсыздандыруу тарифи сиздин үйдүн көлөмүнө карата эмес, анын шаарда же айыл жеринде жайгашкандыгына байланыштуу болот.

Эгерде камсыздандыруунун суммасы зыяндын ордун толтура албаса?

Эгерде сиз компенсациянын суммасы зыяндын ордун толтура албасын күн мурунтан билсеңиз, анда милдеттүү камсыздандыруудан тышкары өз үйүңүздү Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда турак жайды камсыздандыруунун ыктыярдуу түрү менен сизди канааттандырган суммага кошумча камсыздандыра аласыз. Анда сизде эки камсыздандыруу болот.

Жеңилдетүүлөр барбы?

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан бекитилген өрттөн жана башка табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин негизинде калктын социалдык аялуу катмарына жеңилдиктер берилген.

Камсыздандыруу үчүн кандай документтер керек?

* камсыздандырлуучунун паспорту.

* турак жайга менчик укугун белгилеген документ.

* турак жайдын техпаспорту.

Камсыздандыруу полиси кайсы мөөнөткө чейин колдонулат?

Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) ал күчүнө кирген учурдан тартып 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

Турак жайды каерден каттоого алуу керек?

Турак жайды өлкөнүн бардык аймактарындагы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдарынан каттоого алсаңыз болот. Даректер:

  1. Бишкек шаары боюнча филиал: Москва көчөсү 71, 2-кабат, 0312 54 43 22, 0312 54 43 20.
    Ч. Айтматов проспекти 1, имарат 2, 4-кабат, 0312 54 43 19.
  2. Ысык-Көл облусу боюнча филиал: Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү 105, 3-кабат, кабинет 70, 03922 5-49-10, 0555 51 51 81.
  3. Нарын облусу боюнча филиал: Нарын шаары, Ленин көчөсү 76, 0522 5-71-01, 0702 80 08 58.
  4. Талас облусу боюнча филиал: Бердике Баатыр көчөсү 295а, 1-кабат, кабинеттер 108, 109, 03422 5-20-60, 0707 11 79 72 .
  5. Жалал-Абад облусу боюнча филиал: Жалал-Абад шаары, Ж. Бакиев көчөсү 16г, 03722 2-41-01, 03722 2-42-12.
  6. Баткен облусу боюнча филиал: Баткен шаары, Нургазиев көчөсү 10, 0777 67 90 51, 0551 76 62 62.
  7. Ош шаары жана Ош облусу боюнча филиал: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, 2-кабат, кабинеттер 26-30, 03222 5-52-32, 0996 06 55 70.
  8. Чүй облусу боюнча филиал: Абай көчөсү 40, 0500 300 901.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан