Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов ID пасортту биринчи жолу онлайн арыз аркылуу тапшыруу менен алды. Бул тууралуу министр өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, ага жаңы паспортун "Кыргыз почтасынын" кызматкерлери жеткирип берген.
"Салам, достор. Эсиңиздерде болсо, буга чейин президентибиз Садыр Нургожоевичтин “Кызмат” мамлекеттик ишканасынын IT-борборуна болгон иш сапарынын алкагында мен ID-паспортту алмаштырууга онлайн арыз берүү функционалын көрсөткөм. Менин жаңы ID-паспортум даярдалып, “Кыргыз почтасы” ААКсынын кызматкерлери тарабынан кеңсеге түз жеткирилди.
Калктын ыңгайлуулугу үчүн сервистерди жакшыртабыз!" - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, онлайн ID-пасортун алуу Садыр Жапаровдун “Кызмат” мамлекеттик ишканасына жасаган сапарында презентацияланган. Эми кыргызстандыктар үйдөн чыкпай эле жаңы ID-паспортун ала алышат.