Кыргызстанда дагы бир ирет жер силкинди

Бүгүн, 28-мартта саат 16:56да Талас облусунун аймагында күчү 5.3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Анда кабарлангандай, учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек шаарында да жер титирөө катталганын жазышууда.
Айта кетсек, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, 135 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.
Ал эми саат 07:17де да өлкө аймагында күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганы кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан