Бир ай мурун Путиндин колунан сыйлык алган Марат Тибилов Курсктагы салгылашта каза болду

Орусиянын баатыры, майор Марат Тибилов Курск облусунда күжүрмөн тапшырманы аткарып жатып каза болду. Мындай маалыматты ТАСС агенттигине Орусиянын Улуттук гвардиясы тастыктаган.

Майор Марат Тибилов кызматта спецназдын офицери болгон. Орусиянын Улуттук гвардиясынын жетекчилиги жана бардык жеке курамы каза болгон офицердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн 5-январда украин аскерлеринин чабуулун токтотууга катышкандардын арасында Тибилов да бар экенин айтты.

Марат Тибилов Түндүк Осетияда туулган. 2022-жылдан бери Украинадагы согушка катышып келген. 2025-жылдын 23-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Тибиловго Курскта көрсөткөн эрдиги үчүн эң жогорку сыйлык – "Алтын жылдыз" төш белгисин тапшырган. Мындан тышкары, 2022-жылы Тибилов эрдиги жана баатырдыгы үчүн эки "Эрдик" ордени менен сыйланган.

Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн Telegram каналында Тибилов 5-январда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чабуулун токтотууга катышкандардын арасында болгонун жазды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан