Оор кылмыш жасоого шектүү 17 жылдан кийин Москвадан кармалды

Өлкөдө оор кылмыш жасоого шектелип издөөдө жүргөн жаран, 17 жылдан кийин Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин маалыматына ылайык, ал кылмыш жасагандан кийин, изин жашыруу үчүн 17 жыл мурда Орусияга кетип калган.

"2008-жылдын апрелинде шектүү түнкү маалда жергиликтүү жашоочунун үйүнө кирип оор кылмыш жасаган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш жасаган 1972-жылы туулган З.А. аттуу жаранга карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Издөөдө жүргөн жаран кармалып, Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Азыркы учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

Жогорудагы издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам маалыматынын негизинде такталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан