Түштүк Кореянын түштүк-чыгыш аймактарында ири токой өрттөрүнөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары катталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
"Министрлик Кореянын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарын жогорулатылган этияттык чараларын көрүүгө, ыйгарым укуктуу органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууга, ошондой эле өрт чыккан аймактарга жана жалын таралып жаткан жерлерге баруудан карманууга чакырат" деп жазылат анда.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда Кыргыздын Кореядагы элчилигине төмөнкү номерге +82-10-6702-2124 кайрылса болорун кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Түштүк Кореянын түштүк-чыгышын каптаган токой өртүнөн 28 адам каза болуп, 37 жаран жаракат алганы маалымдалган. Токой өртү 21-мартта башталган.