Өлкө аймагындагы мечиттерди 30-март, Орозо айт майрамына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин маалыматында айтылат.
Ага карата ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин кызматка жана коомдук тартипти сактоо боюнча даярдыктары саптык кароодо текшерилди.
Буга удаа коомдук жайларда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлөт. Ал эми кызматкерлерге жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.